Дубайдагы Expo-2020: Кыргызстан эмнелерди көрсөттү. Сүрөт

Кыргызстандын павильонунда атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот. Анда Sputnik Кыргызстандын долбоору да көрсөтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Дубайда бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыргызстандыктардын павильону үчүн уюштуруучулар эки кабаттуу имарат беришкен.
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү. Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат. Павильондо салттуу кийим, зер буюмдар да коюлган. Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот. Павильондо Sputnik Кыргызстандын долбоору да көрсөтүлүүдө.
1 / 5
Дубайда бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыргызстандыктардын павильону үчүн уюштуруучулар эки кабаттуу имарат беришкен.
2 / 5
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү.
3 / 5
Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат.
4 / 5
Павильондо салттуу кийим, зер буюмдар да коюлган.
5 / 5
Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот.
Кыргызстандын стендинде дың жерлерди сугаруу жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери да коюлган. Expo-2020 Dubai 182 күн бою "Акылдарды бириктирип, жаркын келечекти түзөбүз" деген ураандын астында инновация, өнөктөштүк жана кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.
14-декабрда дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында расмий өкүлдөрдүн катышуусунда Кыргызстандын улуттук күнү өткөрүлөрү күтүлүүдө. Программада мамлекеттин туусу көтөрүлүп, гимн жаңырып, эстрада жылдыздары ырдашат. Ошондой эле кыргыз-араб бизнес форуму, экспорттук продукциялардын көргөзмөсү жана туристтик форум камтылган.