Концепция: диний окуулардын маанисин элге чечмелеп жеткирген адистер тартыш

Жыл башында Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн уюмдардын 2 930у ислам, 404ү христиан багытында.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Диний окуулардын маани-мазмунун диний сабырдуулукка, жарандык жоопкерчиликке жетелеген заманбап, позитивдүү кайрылууларга айландырууга жөндөмдүү адистердин саны Кыргызстанда жетиштүү эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын алдыдагы беш жылга жазылган концепциясында айтылат.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
"Жарандык иденттүүлүктү түзүүгө багытталган иштиктүү механизмдин жоктугу анын башка түрлөрүнүн, анын ичинде диний иденттүүлүктүн басымдуулугуна алып келүүдө. Кээ бир коомдук инсандардын ынанымдык негиздеги сабырсыздыгы, зомбулукка чакыруулары, көп аял алууга, эрте никелешүүгө жана башка басмырлоочу практикаларга үгүттөөсү жана диний жамааттарга карата стереотиптик түшүнүктөрү орун алууда. Диний окуулардын баалуулук-маанилик мазмунун диний сабырдуулукка жана жарандык жоопкерчиликке түрткү берүүчү заманбап, позитивдүү кайрылууларга айландырууга жөндөмдүү адистердин саны жетиштүү эмес", — деп айтылган документте.
Дин тутууга жана диний ынанымдарга болгон адам укуктарын камсыз кылуу менен мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо боюнча аракеттерди гармониялуу айкалыштыруу жаатында маселе бар.
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүнө-өзү башкаруу органдарынын, ведомстволор аралык өз ара иштешүүсүнүн жана алардын жарандык коом, анын ичинде диний уюмдар менен аракеттерин координациялоонун жетишсиз деңгээли байкалып жатканы белгиленген.
Бүгүнкү жарыялаган документте акыркы мезгилде Кыргызстанда канча диний уюм бар экени айтылган.
2021-жылдын башында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жалпысынан 3 348 диний уюм каттоодон өткөн.
Алардын:
Алардын эң ириси болуп мусулмандардын арасында ханафит мазхабын жана матурудий ишенимин сактоону камсыз кылуучу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эсептелери айтылган.