Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар

Концепцияда басым жасап, чече турган бир нече учурлар белгиленген. Аларды бири – диний окуу жайлары боюнча маселе.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021-2026-жылдарга жазылган концепциясы боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында чыгарылгандыгын билдирген.
Казакстанда динге берилбегендердин укугун коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынат
Мындан сырткары, ал "КРдеги дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзамды ишке ашырууну көздөөрү айтылды.
2021-2026-жылдарга КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өлкөнү өнүктүрүүдөгү диндин ордун жана ролун ачып көрсөтүп, диний чөйрөнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана башкаруу чараларын көрүүнүн мазмундук алкагын түзөт. Ал мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО), диний бирикмелердин жана жамааттардын, ошондой эле жарандык коомдун башка институттарынын бирге иштешүүсүнүн принциптерин жана механизмдерин аныктайт.
"Мамлекеттик саясаттын чаралары диний чөйрөдөгү өнүгүүгө, өз ара иштешүүгө жана тынчтык курууга багытталган. Мамлекет мыйзамдын үстөмдүгүн, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылат. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты — светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана диний бирикмелердин ишин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү", — деп жазылган аталган документте.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл экени айтылган:
Концепцияда басым жасап, чече турган бир нече учурлар белгиленген. Аларды бири – диний окуу жайлары боюнча маселе.
"Диний окуу жайларына коюлган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары өркүндөтүлүүгө жана аларды сактоо талаптагыдай көзөмөлгө алынууга муктаж. Диний окуу жайларында дин жаатында даярдалган квалификациялуу кадрлардын жана диний сабактар боюнча окутуучулардын жетишсиздиги байкалууда. Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө диний билим алуусуна байланышкан тенденцияларга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасы жок", — деп айтылган.
Документте учурдагы абалга сереп салуу 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгуунун жана аны ишке ашыруунун зарылдыгын көрсөткөнү жазылган.