Зер буюмдардын импорту 10 тоннага көбөйдү. Жети айлык статистика

Расмий маалымат боюнча, өлкөгө чет мамлекеттерден 11 тоннадан ашуун баалуу металл буюмдары ташып келинди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанга ташып келинген зер буюмдардын көлөмү жети эсеге жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылы жети айда өлкөгө 1,7 миллион доллардан ашык суммага бааланган 1,7 тонна зер буюм импорттолгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 11,5 тонна алып келинди. Баасы 4 миллион доллардан ашат.
Январдан апрель айына чейин сырттан эки тонна баалуу металл буюмдары ташып келингени белгиленет.
Төмөнкү өлкөлөрдөн импорттолгон:
Белгилей кетсек, быйыл январь-июль айларында эле импорт бир жылдык көлөмдөн ашып кеткен.