Бул беттештердин эң эсте каларлыгы жана кызыктуусу жеңил салмактагы спортчу, кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Лорен Мерфиники болду. Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген эмес. 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып, катар-катар ургулагандан кийин калыс беттешти токтоткон.
Кыргызстандык мушкер кыздын беттешиндеги кызыктуу учурларды редакция чогулткан видеотоптомдон көрүүгө болот.