Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады

Түндүк Корея акыркы мезгилде бир нече ракетасын сыноого жетишти. Буга чейин 27-сентябрь күнү эртең менен кезектеги баллистикалык ракетасын текшерүү үчүн учурган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түндүк Корея жаңы зениттик ракетасын сынады. Бул тууралуу өлкөнүн борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Түндүк Кореянын коргонуу илимдери боюнча академиясы өзү иштеп чыккан жаңы зениттик ракетасын 30-сентябрда сындан өткөрдү. Көп өтпөй өлкө бийлиги "Хвансон-8" ракетасы ийгиликтүү сыналганын жар калды", — деп айтылат билдирүүдө.
Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Бул Түндүк Корея акыркы мезгилдерде сынаган биринчи ракета эмес. Эске салсак, эл аралык ЖМКлар мамлекет 27-сентябрь күнү эртең менен кезектеги баллистикалык ракетасын текшерүү үчүн учурганын жазышкан. Ал Япон деңизин көздөй жөнөтүлгөн. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептээрин айтып, диалогго чакырган. Бирок Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алып, диалогдон баш тарткан.