Sputnik Кыргызстандын долбоорлору Дубайдагы Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө

Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында Expo-2020 жарманкеси ачылды. Анда Кыргызстанга берилген эки кабаттуу павильондо 182 күн бою конокторду кабыл алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улуттук баалуулуктар тууралуу долбоорлору Дубай шаарында ачылган Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө. Иш-чарага 180 мамлекет жана эл аралык уюмдар катышууда.
"Улуттук баш кииймдер", "Улуттук кийимдер" фотодолбоорлорун Кыргызстандын павильонунда орнотулган экрандардан көрүүгө болот.
Алты ай бою каалоочулар Кыргызстандын павильонунан көчмөн элдин каада-салды, маданияты менен таанышып, тиричилик буюмдарын кармап көрүп, заманбап технологиянын жардамы менен виртуалдык турга бара алышат.
1 / 3
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улуттук баалуулуктар тууралуу долбоорлору Дубай шаарында ачылган Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө
2 / 3
Иш-чарага 180 мамлекет жана эл аралык уюмдар катышууда
3 / 3
"Улуттук баш кииймдер", "Улуттук кийимдер" фотодолбоорлорун Кыргызстандын павильонунда орнотулган экрандардан көрүүгө болот
Ошондой эле катышуучулар кыргызстандык компаниялардын кургап кеткен жерлерди сугаруу боюнча инновациялык чечимдерин, өндүрүүчүлөрдүн экспортко чыгарган товарларын көрүшөт.
Алты ай бою каалоочулар Кыргызстандын павильонунан көчмөн элдин каада-салды, маданияты менен таанышып, тиричилик буюмдарын кармап көрүп, заманбап технологиянын жардамы менен виртуалдык турга бара алышат
14-декабрь күнү жарманкенин алкагында Кыргызстандын күнү белгиленет. Ага мамлекеттин расмий  өкүлдөрү катышып, кыргыз-араб бизнес-форуму, туристтик форум жана концерттик программа уюштурулат.
Ошондой эле катышуучулар кыргызстандык компаниялардын кургап кеткен жерлерди сугаруу боюнча инновациялык чечимдерин, өндүрүүчүлөрдүн экспортко чыгарган товарларын көрүшөт
Экспозиция Соода-өнөр жай палатасы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча JICA агенттигинин колдоосунда уюштурулду.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Sputnik өзгөчө белектерди даярдады
Sputnik Кыргызстан өлкөдө 2014-жылдын декабрынын тарта иштей баштаган. Агенттик өзүнө кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталын, радиону жана заманбап мультимедиалык маалымат борборун камтыйт. Sputnik Кыргызстан маалымат порталы өлкөдөгү интернет ЖМКларынын ичинен алдыңкы саптарда турат.
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекеттерге жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.