Mercedes-Benz жардан кулап кетпей аз жерден калган. ӨКМдин сүрөтү

Жолдон чыгып, жарга барып туруп калган автоунааны тартып чыгарууга алты куткаруучу жардам берген. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 10-15 метрлик жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты
Автоунаанын ичинде 58 жаштагы айдоочуга атайын техникасы менен алты куткаруучу жардамга келген.  
"Таш-Көмүр шаарынын Баетов көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, жарга барып туруп калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу келип, атайын техниканын жардамы менен автоунааны жолго чыгарып беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен окуядан жабыркагандар болбогондугун кошумчалашты.