"Кыргызстан сулуусу" болом деген перилер. Сулуулук сынагынан 12 сүрөт

Жакында эле Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2021" сынагынын финалы болуп, анда титул үчүн 30га чукул кыз ат салышкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги кериле баскан перилердин сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Сынакка 16 жаштан 28 жашка чейинки кыздар катышып, иш-чара "өзүн тааныштыруу", "улуттук костюм", "үй тапшырма" жана "кече кийими" деп аталган этаптардан турган. Жыйынтыгында Кыргызстандын сулуусу деп 16 жаштагы Алтынай Ботоярова аталган.
"Кыргызстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүсү учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти.
Акмарал Турдуева биринчи вице-мисс болсо, Кызжибек Азимбек кызы экинчи вице-мисс аталган. Айдай Жокенова үчүнчү вице-мисс болсо, Сайкал Бугубаевага Мисс R Style наамы берилген. Ал компаниялардын биринин брендин көрсөтмөкчү.
1 / 12
Жакында эле Бишкектеги ресторандардын биринде Кыргызстандагы эң сулуу бийкеч тандалды
2 / 12
Баш байге үчүн 16 жаштан 28 жашка чейинки отуздай кыз ат салышкан
3 / 12
Аталган иш-чараны Рыскүл Намазбекова уюштуруп келет
4 / 12
"Кыргызстандын сулуусу" аталыш үчүн кыздар бир нече этаптан өтүшкөн
5 / 12
Алар калыстар тобу менен көрүүчүлөргө таланттарын тартуулаган
6 / 12
Айрымдары театралдык номер аткарган
7 / 12
Калыстар тобунун курамында шоу-бизнес өкүлдөрү, белгилүү ырчылар отурду
8 / 12
Сүрөттө катышуучулардын бири бийлеп жатат
9 / 12
Ак куудай керилген бийкечтер
10 / 12
Сынактын жыйынтыгында катышуучулардын бешөө байгелүү орундарга илинген
11 / 12
"Кыргызстан сулуусу — 2021" титулун жеңген Алтынай Ботоярова
12 / 12
Учурда ал 16 жашта, Борбор Азиядагы Америка университетинде студент