Дубайдагы көргөзмө: Кыргызстандын павильонунун керемет видеосу

Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai көргөзмөсү ачылды. Кыргызстанга эки кабаттуу павильон бөлүнгөн. Ал көрүүчүлөргө алты ай бою эшигин ачат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды. Уюштуруучулар эки кабаттуу имарат беришкен.
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү. Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат. Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот. Павильондо Sputnik Кыргызстандын долбоору да көрсөтүлүүдө.
Кыргызстандын стендинде дың жерлерди сугаруу жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери да көрсөтүлгөн. Expo-2020 Dubai 182 күн бою "Акылдарды бириктирип, жаркын келечекти түзөбүз" деген ураан астында инновация, өнөктөштүк жана кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.
1 / 2
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды
2 / 2
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү
14-декабрда дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында расмий өкүлдөрдүн катышуусунда Кыргызстандын улуттук күнү өткөрүлөрү күтүлүүдө. Программада мамлекеттин туусу көтөрүлүп, гимн жаңырып, эстрада жылдыздары ырдашат. Ошондой эле кыргыз-араб бизнес форуму, экспорттук продукциялардын көргөзмөсү жана туристтик форум камтылган.