Дарыгерлер COVID илдетинин алгачкы симптомдору кандай өзгөргөнүн айтышты

Адистер жаңы симптомдор илдет жуккан биринчи-экинчи күндөрү эле байкалып жана узак убакытка созуларын белгилешет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын биринчи симптомдору өзгөрдү. Бул тууралуу россиялык бир катар медиктер билдиргенин Коомдук жаңылыктар кызматы жазды.
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Инфекция жуктургандарда ошондой эле тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичтин оорушу, диарея, жүрөк айлануу жана кусуу сыяктуу белгилер байкалат.
Фельдшерлер кесиптер бирлигинин башчысы жана Тез жардам кызматынын дарыгери Дмитрий Беляков мурун бүтүп, адам кыйналса, ал дагы COVID-19дун жаңы белгиси экенин кошумчалады. Анын белгилешинче, оору тездик менен жайылып, коркунучтуу болуп баратат.