БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө "бриллиант", "изумруд" жана "алтын" тоюн белгилеген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Аталган иш-чаралар 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болду. Анын максаты — улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына коомчулуктун көңүлүн буруу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.
Ардактуу маараке китебине "бриллант" тоюн (баш кошконуна 60 жыл) белгилеп жаткан алты жубай, "изумруд" (55 жыл) мааракесине жеткен 13 жана "алтын" тоюн (50 жыл) өткөргөн 28 жубай кол койгон.
Маараке Свердлов райондук балдар чыгармачыл борборунун концерттик программасы менен коштолуп, жубайлардын вальс бийи менен аяктады.
Иш-чараны Бишкектин Ленин, Свердлов, Биринчи май райондук администрациялары бергелишип Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата уюштурган.