БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүгүн болжол менен саат 17.01лерде Беларусь элчилигинин имаратына бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган жерде милиционерлер, УКМК кызматкерлери жүргөнү айтылып, ыкчам тергөө тобу, ИИБ менен Бишкек милициясынын жетекчилиги чыгып кеткени белгиленген.
"Жарандардын коопсуздугун камсыздап, эвакуациялоо үчүн имарат курчоого алынган болчу. Мындан тышкары, УКМК кызматкерлери тартылган. Текшерүүнүн натыйжасында бомба табылган жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалган билдирүү боюнча факт каттоого алынып, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин ("Террорчулук актысы") негизинде өндүрүшкө алынды.