АКШдан гашиш майын алдырды деген киши камакка алынды

Шектүү жаран АКШдан келген посылканы алып жаткан жеринен колго түшкөн. Экспертиза коробканын ичинде баңгизат болгонун тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Электрондук тамекиге (вейп) куюу үчүн гашиш майын аткезчилик менен алып кирүүгө шектелген кыргызстандык тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
31 жаштагы киши 15-сентябрь күнү АКШдан келген посылканы "Түндүк" бажыдан алып жаткан кезде кармалган. Коробканын ичинен суюктук куюлган ампулалар табылган. Кийин экспертиза бул гашиш майы экенин аныктаган.
31 жаштагы киши 15-сентябрь күнү АКШдан келген посылканы "Түндүк" бажыдан алып жаткан кезде кармалган
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 270-беренеси ("Аткезчилик") менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Коробканын ичинен суюктук куюлган ампулалар табылган. Кийин экспертиза бул гашиш майы экенин аныктаган.
Укук сакчылары тергөө амалдарын улантууда жана товарды АКШдан жибергендерди аныктоо боюнча иштер аткарылып жатат.