Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси мыкты сценаристти сыйлады. Сүрөт

Номинацияда жеңүүчү деп "Жөө күлүк" тасмасынын сценаристтери алган. Бири Эрнест Абдыжапаров болсо, экинчиси Мирлан Абдыкалыков.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Жөө күлүк" тасмасынын режиссёрлорунун бири Эрнест Абдыжапаровго "Ак илбирстин" коло статуэткасын тапшырды. Аталган тасманын сценарийи улуттук "Ак илбирс" кинопремиясында "Мыкты сценарий" номинациясына ээ болгон.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Жөө күлүк" тасмасынын режиссёрлорунун бири Эрнест Абдыжапаровго "Ак илбирстин" коло статуэткасын тапшырды
"Жөө күлүк" тасмасынын экинчи сценаристи — Мирлан Абдыкалыков.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 1-октябрда, "Манас" кинотеатрында өткөн. Комиссия 2019-2020-жылдар аралыгындагы эмгектерди карап чыккан (пандемиядан улам бир жыл иш-чара болгон эмес).
Череменина бардыгын көптөн күткөн азем менен куттуктап, маданият өлкөнүн жана коомдун өнүгүшү үчүн өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина
"Ак илбирс" улуттук сыйлыгы таланттуу жаштар үчүн эң сонун мотивация болду. Дал ушул иш-чаранын арты менен ата мекендик киноиндустрия тармагы жакшырып, жаңы эмгектер көрөрмандарды кубантууда. Биздин агенттик мындай учурду кош колдоп колдойт. Анткени өлкөнүн өнүгүшү үчүн маданияттын мааниси чоң", — деген ал.
Иш-чарада атайын эки сыйлык тапшырылган. Советтик жана казак кинематографы Асанали Ашимовго "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" сыйлыгы берилсе, "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы" номинациясындагы атайын байге Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиевге ыйгарылган.
Аземге белгилүү режиссёр, актёр, коомдук ишмер, саясатчылар жана президент, өкмөттүн администрация өкүлдөрү да келген.
1 / 7
Сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 1-октябрда, "Манас" кинотеатрында өткөн
2 / 7
Комиссия 2019-2020-жылдар аралыгындагы эмгектерди карап чыккан (пандемиядан улам бир жыл иш-чара болгон эмес)
3 / 7
Иш-чарада атайын эки сыйлык тапшырылган
4 / 7
Советтик жана казак кинематографы Асанали Ашимовго "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" сыйлыгы берилсе, "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы" номинациясындагы атайын байге Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиевге ыйгарылган
5 / 7
Аземге белгилүү режиссёр, актёр, коомдук ишмер, саясатчылар жана президент, өкмөттүн администрация өкүлдөрү да келген
6 / 7
Улуттук "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген
7 / 7
Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет
Улуттук "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын медиа өнөктөшү.