"Эми алар өздөрү түшүнүп алат деп ойлойм. Кийин өздөрү аябай уят болуп калат. Алар фактысы жок сүйлөп атпайбы. Бул киши (Мирлан Жеенчороев — ред.) өзү эле акылына... Эми ал кишини сыйлайм, ошондуктан өзү жыйынтык чыгарат болуш керек. Себеби калп айтканга болбойт, кыпкызыл калпты айтып атат", — деди Ибраев.
Эки депутат кечээ парламенттин жыйынында кайым айтышкан. Жеенчороев кесиптешин көз боёмочу деп атап, мыйзам долбооруна эксперт катары чакырган Владимир Фролов да шылуун экенин билдирген. Андан соң Ибраев негизсиз сындап жатат деп Жеенчороевди жекеме-жеке чыгууга чакырган.