Россия ТИМи тажик-афган чек арасындагы абал тууралуу үн катты

Москва Душанбе менен Кабулду "жаралган абалды жөнгө салуу боюнча өз ара кепке келүүнүн варианттарын издөөгө" чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Москва Тажикстан менен Афганистандын жалпы чек арасына эки жактан аскерлердин тартылышы боюнча маалыматтардан улам РФ Кабул менен Душанбени абалды жөнгө салууда өз ара кепке келүү варианттарын кароого чакырат. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматты РФ ТИМинин маалымат департаментинин директорунун орун басары Алексей Зайцев билдирген.

"Тажик-афган чек арасындагы эки өлкөнүн лидерлеринин кескин билдирүүлөрүнүн фонунда улам өсүп бара жаткан чыңалууга тынчсыздануу менен байкоо салып турабыз. Эки тараптын куралдуу күчтөрүнүн жалпы чек араны көздөй жылышы байкалганы боюнча маалымат тарады. Талибан* кыймылынын маалыматына караганда, Афганистандын чек арасына жакын Тахар провинциясында атайын бөлүктөрдүн миңдеген аскерлери жайгашкан", — деп билдирген Зайцев брифингде.

Мындан улам ал Москва Душанбе менен Кабулду "жаралган абалды жөнгө салуу боюнча өз ара кепке келүүнүн варианттарын издөөгө" чакырган.