Ошто 37 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелген кыз бир айга камакка алынды

Ош шаардык соту кечээ, 29-сентябрда, шектүүнүн баш коргоо чарасын карап бир айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош шаарында 37 жаштагы кишини бычак сайып өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 29-сентябрда, шектүүнүн баш коргоо чарасы шаардык сотто каралып чечим чыккан.

“Шектүү — 22 жаштагы С.Р. бир айга камакка алынып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине которулду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү: экспертизанын жыйынтыгы чыкты
Эске салсак, калаанын Касымбеков көчөсүндөгү кафенин алдында азиат тектүү, болжол менен 35-40 жаштагы Мирбек аттуу жарандын сол буту миздүү нерсе менен сайылып, кесилген жаракаты менен ооруканага келип түшкөнү айтылган. Ал жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барган кезде анын каза болуп калгандыгы аныкталган.

Аталган факт Ош ШИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктундагы ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучунун кылмыш болгон убакта кийип турган кийимдерин далил катары алган.