Ош шаарында ислам дининин коомдогу ролу туурасында конференция өтүүдө

Ош шаарында өтүп жаткан иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстандан коноктор чакырылып, ислам дининин тынчтыкты, ынтымакты орнотуудагы орду талкууланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош шаарында "Ислам — тынчтыктын тиреги" аталышында илимий-практикалык конференция жана анын алкагындагы иш-чаралар өтүп жатат. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын негизги максаты — ислам дининин тынчтыкты, ынтымакты орнотуудагы, радикализмге, экстремизмге жана террорчулукка каршы түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруудагы ордун, ролун түшүндүрүү. Мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин биргеликте иш алып баруусун камсыздоо багыты да каралган.

Ашырматов: адамдар төрт себептен улам террорчулукка баш коюшу мүмкүн
Эл аралык конференцияга Түркия элчилигинин өкүлү, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, диний уюмдарынын өкүлдөрү жана дин аалымдары катышууда.

Андан сырткары, жалпы руханий жана маданий баалуулуктарды, ар кандай ишенимдерди жана көз караштарды урматтоо, толеранттуулук принциптерин сактоо туурасында кеп болот.

Аталган конференция Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Ош шаарынын мусулмандар казыяты тарабынан Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун көмөгү менен уюштурулган.