Түндө Бишкектеги "Кыял" базарынан өрт чыкты. Сүрөт

Өрттөн идиш-аяк, бут кийим оңдоочу жай, кийим тигүүчү машиналардын күйгөнү айтылды. ӨКМ кызматкерлери тилсиз жоону таңкы 05:27де толук өчүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяк, суусундук сатуучу темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.

"Ошондой эле эки чач-тарачтын пластик терезелери жана аба муздаткычы эриген. Жалпысынан болжол менен 100 чарчы метр жер күйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өрт 30-сентябрга караган түнү саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлгөн. Азыркы учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы такталууда. Белгилей кетсек, "Кыял" базары Бишкектеги "Ош" базарынын аймагында жайгашкан.