Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматынан кетти

Маматов аталган кызматка 2019-жылы шайланган. Ага чейин үч жыл футбол уюмунда вице-президенттик милдетти аркалап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов ээлеген кызматынан кетти. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине ал өзү тастыктады.

Мындай кадамга анын чоң саясатка аттанганы себеп болгон.

"Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышам деп турам. Эки жолдун бирин тандоого туура келди. Ошондуктан мен ээлеген кызматымды тапшырып, саясат жолун тандадым", — деген ал.

Маматов парламентке кайсы партия менен барарын ачык айткан жок.

Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту
47 жаштагы Маматов кесипкөй футболчу болгон. Ал "Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) жана ардагерлердин "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" клубдарында ойногон.

Маматов 2016-2019-жылдары өлкөнүн Футбол федерациясынын вице-президенти болгон. 2019-жылдын 9-февралында ал Футбол уюмунун президенттигине шайланган.

Өткөн жылы федерация юридикалык статусун өзгөртүп, "Кыргыз футбол союзу" юридикалык тараптардын бирикмеси болгон.