Бишкекте үйдү тоногондор видеого түшүп калган

Кылмышка шектелип эки адам кармалды. Алардын бири өспүрүм. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте жеке турак жайды тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

22-сентябрь күнү тартип сакчыларга аял кайрылып, ошол эле күнү саат 10:30да белгисиз адамдар анын үйүнө терезесин талкалап кирип, 850 доллар, 15 миң сом жана зер буюмдарын алып кеткенин билдирген. Кылмышкерлер аялды 137 миң сом чыгым тарттырган.

Милицияга уурулук болгон учурдун видеосу берилген. Кадрга эки киши үйдөн пакет көтөрүп чыгып, такси деген логотиби бар автоунаага отуруп кетип калганын көрүүгө болот.

Кылмышка шектелип 17 жана 19 жаштагы балдар кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат. Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.