Шатырата кол чаап... Улуттук банктын жамааты Абдыгуловду узаткан видео

Толкунбек Абдыгулов кечээ, 29-сентябрда, Улуттук банктын төрагалыгынан кетип, анын чечимин Жогорку Кеңеш колдоп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кечээ, 29-сентябрда, Улуттук банкта кызматтан жаңы кеткен жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду узатуу аземи болду.

Ал учурдан тартылган видеодо көрүнүп тургандай, банк кызматкерлери Абдыгуловду ордуларынан туруп, шатыраган кол чабуу менен эшикке чейин узатышкан.

Эске салсак, Толкунбек Абдыгулов кечээ, 29-сентябрда, Улуттук банктын төрагалыгынан кетип, анын чечимин Жогорку Кеңеш колдоп берди. Улуттук банктын мурдагы жетекчиси кызматтан Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болоруна байланыштуу кетип жатканын айткан. Анын ордуна Улуттук банкка Кубанычбек Бөкөнтаев сунушталып, парламент анын талапкерлигин жактырды.