Кыргызстанда вакцинация кампаниясы үстүбүздөгү жылдын 29-мартында башталган. Азыркы күндө 816 миңден ашык адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи компонентти алгандардын саны 611 220 адамды түзөт. Күнүнө 14-15 миңдей киши эмделүүдө. Бишкек шаарында региондорго салыштырмалуу эмделгендер аз. Бул тууралуу Бурул Асыкбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасын алып, экинчисин албай койгон адамдар көп.
"Пандемия башталгандан тарта дары-дармек, тест-система, вакцина жана жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам Кыргызстанга ар кайсы мамлекеттерден жөнөтүлүп жатты. Россия коронавирус пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып эле Кыргызстанга жардам берип келет. Биринчилерден болуп вакцина менен камсыз кылды. РФтен жалпы жонунан "Спутник V" вакцинасынын 120 миң дозасы келди. Мунун 10 миң дозасын Россия гуманитардык жардам катары берди. Кыргызстанга AstraZeneсa, Sinoрharm, Спутник V, CoronaVac жана QazVac вакциналары алып келинген. Анын ичинен алгач көп адамдар "Спутник V" вакцинасын алууну каалашты. Себеби мурда бир союздун курамында, аймактары жакын болгондуктан РФ өндүрүүчүлөрүнө ишеним жогору болду. Андан тышкары, аталган мамлекеттин дарыгерлери биздин ак халатчандарга вирус менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп келет", — деди Асыкбекова.
Адис коңшу мамлекеттер, ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте өлкө ичинде вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: