УКМК Таластын бийлик структурасынан коррупциялык схеманы аныктады

Материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн. Бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Талас облусунун бийлик структурасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

УКМКнын версиясы боюнча, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыгы үчүн өкүлчүлүктүн имараттарындагы кеңселерди коммерциялык уюмдарга ижарага берип, түшкөн акчаны өзүлөрүнө ыйгарып алган.

"Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган", — деп айтылат маалыматта.

Материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.