Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады

Көптөн күткөн "Көгала болгондо" тасмасынын премьерасы Netflix сервисинде 23-ноябрда көрсөтүлө турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко өзүнүн Instagram баракчасына "Көгала болгондо" тасмасы тууралуу маек берип жатканда тартылган сүрөтүн жарыялады.

"Лос-Анжелесте эң сонун күн өткөрдүм. Ал жактан "Көгала болгондо" тасмасынын премьерасы үчүн бир нече интервью бердим", — деген спортчу.

Кийинчерээк кыргызстандык мушкер Голливуд жылдызы Холли Берри менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Белгилей кетсек, аталган фильмде Шевченко башкы каармандын каршылашынын ролун аткарат.

Валентина Шевченконун Мерфини утканы үчүн алган гонорары айтылды
"Көгала болгондо" (Bruised) тасмасында ММА спортундагы Жеки аттуу мушкер кыз (анын ролун Холли Берри ойногон) маанилүү беттеште жеңилген соң карьерасында ийгиликсиз учур башталганы тууралуу айтылат. Кыйын сыноонун чеңгелинде калган спортчу бир кезде карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы уулу менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Тасма 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

Көптөн күткөн "Көгала болгондо" тасмасынын премьерасы Netflix сервисинде 23-ноябрда көрсөтүлмөкчү.