Радио

Кожобеков: жалпысынан Россиянын 50дөй окуу жайы менен кызматташабыз

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Россиянын беш университети менен 2/2 системасында кызматташып жатканын белгиледи.
Sputnik

Ош мамлекеттик университети эл аралык мамилелерди ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдар. Учурда Кытай, Түркия, Европа мамлекеттери менен алака бекемделүүдө. Бирок эң көп жана узак убакыттан бери мамиле түзүп келе жаткан өлкө — бул Россия. Жалпысынан Россия Федерациясынын 50дөй окуу жайы менен ар кандай биргелешкен долбоорлор бар. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Кожобеков: жалпысынан Россиянын 50дөй окуу жайы менен кызматташабыз

Анын айтымында, ОшМУнун айрым факультеттерине тапшырган студенттер эки жыл аталган окуу жайда, калган эки жылын Россиянын университеттеринде улантуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Ош мамлекеттик университети Евразия чөлкөмүндө алдыңкы 10 университеттин, Орто Азия боюнча беш мыкты окуу жайдын катарына кирет. Университет билим берүүнүн классикалык жолун тандап алган, тагыраак айтканда, бардык багыттар боюнча окутат. Соңку жылдары эл аралык мамилелерге басым жасоодобуз. Анын ичинен Россияны ЖОЖдору менен тыгыз иштешип келебиз. Жалпысынан алганда аталган мамлекеттин 50дөй окуу жайы менен ар кандай долбоорлорду биргеликте жасап келсек, беш университети менен студенттерди жиберип окутуу келишимибиз бар. Мисалы, жакында эле Приволжье медициналык изилдөө университети менен эки багытта иштешүү, биздин студенттерди стоматология жана жалпы дарылоо факультеттерине жиберүү боюнча макулдаштык. Эми ОшМУнун ушул эки багыты боюнча тапшырып, эки тараптуу сынактан өткөн студенттер окуу мөөнөтүнүн жарымын бизде, калган жарымын Россиянын аталган окуу жайында улантып, эки өлкөнүн дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындан сырткары, IT адистерин даярдоодо, педагогдорду окутууда да башка университеттери менен келишимдерибиз иштейт", — деди Кожобеков.

Ректор келишимдин негизинде Россияга кеткен студенттердин контрагы эки өлкөдө бирдей төлөнөрүн жана ал жакта жатакана маселесин окуу жай чечерин кошумчалады.