Путин Эрдоган менен жолугушуусу жемиштүү аяктаганын билдирди

Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерден тышкары Сирия, Ливия жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган экөөнүн жолугушуусунун жыйынтыгына жогору баа берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Келгениңиз үчүн чоң рахмат. Абдан жемиштүү жолугушуу болду. Байланышта бололу”, — деди Путин коногун узатып жатып.

Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин тышкары Сирия, Ливия жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.

Путиндин айтымында, Москва менен Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбойт. Бирок тараптар орток пикирге келгенди өздөштүрүшкөн. Ошол себептүү жолугушуулар акырында позитивдүү нотада жыйынтыкталат.

Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео
Жолугушуу үч саатка созулуп, Путин үчүн карантинден кийин алгачкы эл алдына чыгуусу болду. Россия президенти бир күн кечке ооруп калган адамдын жанында жүрсө дагы андан вирус жугузбаганын айтты. Ошол себептүү түрк лидерине эгер экинчи ирет вакцина алгысы келсе, "Спутник V" препаратын тандоону сунуштады. Ал эми Эрдоган буга чейин эле кайталап эмделип койгонун билдирди.