ТИМ Польша дипломатынын жардамын Чүйдөгү жатак мектепке тапшырды

ТИМдин бул жааттагы кайрымдуулук иштери Кыргызстанда катталган дипломатиялык корпустар жана КРдеги консулдардын Ардактуу клубу менен жасалып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Чүй облусундагы Тилебалиев атындагы Панфилов райондук мектеп-интернатка Польшанын Кыргызстандагы ардактуу консулунун колдоосу менен алынган сабакка керектүү буюм-тайымдар тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

ТИМ Польша дипломатынын жардамын Чүйдөгү жатак мектепке тапшырды

Консулдун берген белегин ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тапшырган.

ТИМ Польша дипломатынын жардамын Чүйдөгү жатак мектепке тапшырды

Жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында ТИМ шефке алган жетим бөбөктөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган социалдык мекемелерге жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясы уюштурулган. Бул иш-чара аталган акциянын алкагында жасалды.

Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги
2012-жылдан тарта ТИМ Кыргызстандагы билим берүү боюнча эки социалдык мекемеге жардам берип турууну чечкен. Алардын ичинде Тилебалиев атындагы 242 бала билим алган жатак мектеп бар. Маалыматта бул мезгил ичинде аталган министрлик ар кыл жактан колдоо көрсөтүп келери айтылган.

ТИМдин аталган кайрымдуулук иштери Кыргызстанда катталган дипломатиялык корпустар жана КРдеги консулдардын Ардактуу клубу менен жасалып келет.