Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиевге "Ак илбирс" сыйлыгы тапшырылат

Абдиев "Кыял", "Биринчи мугалим", "Көчө", "Кызыл алма", "Каныбек" сыяктуу бир катар көркөм тасмаларды жаратууга катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Ак илбирс" улуттук киноакадемиясынын "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы" боюнча номинациясындагы атайын байге быйыл Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиевге берилет. Бул тууралуу "Ак илбирс" кинематографиялык искусство академиясынын жетекчиси Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Муса Абдиев — костюмдар боюнча сүрөтчү-коюучу. 1934-жылдын 23-февралында Ош облусуна караштуу Сузак районундагы колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1962-жылдан тарта "Кыргызфильмде" костюмдар боюнча сүрөтчү-коюучу болуп иштей баштаган.

Абдиев "Кыял", "Биринчи мугалим", "Көчө", "Кызыл алма", "Каныбек" сыяктуу бир катар көркөм тасмаларды жаратууга катышкан.

Кулмендеев: "Ак илбирс" ар бир адистин эмгегин баалайт
Улуттук "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 1-октябрь күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.

Сыйлык 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын медиа өнөктөшү.