Радио

Буваев: ымыркайдын кулагы жок төрөлүшүнө үч себеп бар

Отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты, Медицина академиясынын медициналык борборунун микрохирургу Шухрат Буваев кош бойлуу кездеги ар кандай инфекциялык оорулар, генетика жана радиациядан улам ымыркай кулак калканы жок төрөлүшү мүмкүн дейт.
Sputnik

Косметикалык функциядан тышкары кулак протездери үн толкундарын кулак каналына өткөрөт да, угууну жакшыртат. Ошону менен бирге көз айнек менен угуу аппараттарын тагууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Шухрат Буваев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Буваев: ымыркайдын кулагы жок төрөлүшүнө үч себеп бар

Анын айтымында, кулакты пластикалык операция менен толук калыбына келтирүү, анатомиясын жасоо оор жана дээрлик мүмкүн эмес.

"Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын медициналык борборунда 10 жылдан бери иштеп, дал ушул кулак оорулары боюнча иш жүргүзүп келе жатабыз. Биздин бейтаптардын ичинде микротия (кулак калканынын дефекти) менен кайрылгандар арбын. Бүгүнкү заманда аталган маселени дүйнө жүзүндө кантип чечип жатканын изилдеп, алты жыл мурда жаңылыкты Кыргызстанга алып келүүнү чечтик. Микротия өлкөдө актуалдуу эле көйгөй. Аны чече турган эч кандай ыкма жок болчу. Микротия жана атрезия эстетикалык көрүнүштөгү жана угуу маселесиндеги көйгөйдү жаратат. Укпаган адам социалдаша албаса, ал эми кулак калканы жок киши элге аралаша албай кысынып, кемсинип калат. Андыктан угуу түтүктөрү жабык болуп, адамдын кулагы укпаса сөөк аркылуу өткөрүүлүчү угуу аппараты тагылып, андан кийин гана протез коюлат. Кулактын эстетикалык көрүнүшүн синтетикалык силикон протез коюу менен жана пластикалык хирургиянын жардамы менен оңдосо болот. Бирок пластикалык операция менен толук калыбына келтирүү, кулактын анатомиясын жасоо оор. Мисалы, биз биринчи протез кулак таккан аял менен өспүрүм буга чейин бир нече пластикалык операция жасатышкан. Жыйынтык күткөндөй болгон эмес", — деди Буваев.

Дарыгер алты жыл мурда Россияда протез кулакты имплантка отургузуу операциясы бир миллион 200 миң рублге бааланганын айтып, учурда дарыгерлер мындан арзан варианттарын издеп жатышканын жана бейтаптарга ар кандай фондулар финансылык жардам берип жатканын кошумчалады.