Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды. Сүрөт

Карасаев — тунгуч лексиколог жана лексикограф, ошондой эле кыргыз тилинин куржунун толтурууда талыкпай эмгектенген окумуштуулардын бири.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл белгилүү илимпоз, түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгы белгиленүүдө.

Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды. Сүрөт

Ачылышта мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуду.

"Кусеин Карасаев — кыргыз элин билим дүйнөсүнө жетелеген адамдардын бири. Карасаев тил куржунун толтурууда талыкпай эмгектенип, советтик мезгилде да, андан соң эгемен мамлекетибиздин шартында да кыргыз тилин өркүндөтүүдө жана байытууда ары жооптуу, ары татаал, ары сыймыктуу миссияны ийгиликтүү аркалап келген", — деп айтылат куттуктоодо.

Анда бул инсандын кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын сактап калуудагы орду туурасында да белгиленген.

"Тарыхыбызда өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын, маданиятын, билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүдө эбегейсиз чоң салымын кошкон чыгаан инсандарыбыз жашап өткөн. Ушундай улуу адамдардын катарында Кусейин Карасаевдин орду чоң. Академик атабыз кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын, тарыхын сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенип, келечек муунга агартуучулук мурастарын калтырып кетти. Кезинде жалпы элди сабаттуулукка үндөп, кыргыз тилинин абдан бай экендигин далилдеп, аны даңазалоодо бардык күчүн жумшаган улуу окумуштуу-агартуучунун өрнөктүү өмүр жолу менен баа жеткис мурастары мамлекеттүүлүктүн башкы элементи болгон кыргыз тилибиз ар тармакта кеңири колдонулган. Баарлашуунун бай тилине айландыруу жолунда бүгүнкү күндө дагы актуалдуу болуп тургандыгын баса белгилеп кетейин", — деген президент.

Тилчи, лексиколог, лексикограф Карасаев филология илимдеринин кандидаты, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, I даражадагы "Манас" орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

Тилчи 16 түрк тилинде жана араб, фарс, немисче эркин сүйлөгөн. "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча сөздүк", "Карасай сөздүк" аттуу эмгектердин автору.

Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 97 жашында көз жумган. Сөөгү Каракол шаарына коюлган.