Улуттук банкка барчу Бөкөнтаев депутат сунуштаган мыйзам боюнча оюн айтты

Бөкөнтаев мыйзам долбоору тууралуу толук маалыматы жок экенин, бирок Толкунбек Абдыгуловдун позициясын колдой турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагалыгына сунушталган Кубанычбек Бөкөнтаев финансылык технология системасын киргизүү мыйзамы боюнча мурунку жетекчинин позициясын карманарын билдирди.

Ал кызматка эми гана сунушталып жаткандыктан мыйзам долбоору тууралуу толук маалыматы жок экенин, бирок Толкунбек Абдыгуловдун позициясын колдой турганын белгилеген.

Андан соң депутат Осмон Турдумамбетов кийин бирөө басым жасаса позициясын өзгөртпөөгө эрки жетер-жетпесин сурады.

"Мен өзгөрүп кеткенде деле мыйзамдын талаптары бар. Ошол талаптарды мурунку төрага айтып кетти. Мен аны өзгөртө албайм", — деди Бөкөнтаев.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова да ушул эле суроону кайра тактап сурады.

Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди
"Мен Толкунбек Абдыгулов айтып берген маалыматка таянып жатам. Анын айтымында, мыйзамдын азыр сунушталып жаткан модели туура эмес. Банктын туруктуулугуна каршы келет. Мыйзамдын долбоору менен өзүм тааныша элекмин. Толкунбек Абдыгулов айткан маалыматтын негизинде мыйзам долбооруна мен каршымын", — деди Бөкөнтаев.

Буга чейин Абдыгулов финансылык технология боюнча мыйзам Улуттук банкка чоң кооптуулук жаратарын билдирген.