Кыш камылгасы Европаны кыйсыпыр түшүрүүдө. Көмүрдүн баасы асман чапчыды

Европалык рынокто кара алтындын баасы кезектеги рекордун койду. Бул тууралуу батыш басма сөзү кайгыруу менен кабарлоодо.
Sputnik

Роттердам, Амстердам жана Антверпен биржаларында өндүрүштүк компаниялар кыңк этпестен эле отундун метрикалык тоннасына 137 доллардан төлөп жатышат. Болбосо кечээ эле прогрессивдүү жана декарбонизацияга кам урган бул дүйнө отундун аталган түрүн тарых бүктөмүндө калтырууга белсенип турган. Жагдайга сереп салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Көмүрдүн рыноктук "ренессансына" жаратылыш газынын ашкере кымбаттап жатканы себеп. Мындай жагдай операторлорду чанып келген көмүрдү кайрадан сатып алууга аргасыз кылды. Кыязы, кырдаал ушунчалык кыйын өңдөнөт, көмүр өндүрүшүн токтотуу программасын жокко чыгаруу зарылдыгы боюнча ачык айтыла баштады. Маселен, Британиядагы көмүр менен иштетилген электр станциялардын акыркысына ээлик кылган Drax компаниясы королдуктун энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болсо жылуулук электр станциясын иштен чыгарууну жылдырып турууга даяр экенин жар салды. Мындай билдирүүгө реалдуу негиз бар, көрсө Лондон жай мезгилинин ортосунан бери эле көмүрчүлөрдүн электр кубатын өндүрүүгө байланышкан кошумча чыгымдарын купуя каржылап келген экен.

Абал улам начарлап барат. Европалык талдоочулар муну жер алдындагы толбой калган газ сактагычтарга, Австралия, Түштүк Африка жана Колумбиядан, ошондой эле Россиядан (арзыбаган өлчөмдө) алынган көмүрдүн көлөмүн кескин жогорулатууга мүмкүн болбогонуна байланыштырышат.

Европа "сууктун экспорттолушуна" Россияны айыптоодо
Европа биримдиги 1990-жылдан тарта таш көмүрдү керектөөнү 400 миллион тоннадан 150гө, ал эми күрөң көмүрдү 700дөн 250 миллион тоннага чейин кыскарткан. Кайсы өлкөлөрдө көмүрдү керектөө канчалык тез жана көп кыскарып келген болсо, бүгүнкү күндө дал ошол мамлекеттерде электр кубатынын баасы өстү. Буга көрүнүктүү мисал — Германия. Күрөң көмүрдүн эң көп кору бар Рур бассейни жайгашкан бул өлкө кара алтынды керектөөнү соңку төрт жылда үчтөн бирге, тагыраак, 170 миллион тоннадан 120га азайткан. "Түндүк агым – 2" долбоорун сертификациялоо мөөнөтү тактала элек чакта да газдын баасы 800 доллардык чектин астанасында турат, ал эми улуттук операторлор бир мегаватт электр кубаты келерки жылы 100 евродон кем болбой турганынан коңгуроо кагып жатышат.

Кара алтынды кайрадан "катарга" кошкон энерготашуучулар рыногундагы азыркы башаламандык бир караганда эле болжонбогондой туюлат. Бирок көмүрдү "каралоо" жана анын рыноктогу үстөмдүгүнөн ажыратуу аракети кечээ эле, ал тургай 20 жыл мурун да башталган иш эмес. Мурунку кылымдын 60-70-жылдары батыш ааламында "Жети эже-сиңди" деген атка конгон мунай картели түзүлгөн. Кезегинде ага болочокто мунай түтүктөрү менен бүт дүйнөгө жайылган, ал түгүл кээ бир учурда өз эркин айрым өлкөлөргө таңуулаган заманбап үлкөн ишканалар кирген. Атап айтсак, ошондогу жетөө азыр айтылуу British Petroleum, Chevron, Royal Dutch Shell жана ExxonMobil компанияларына сиңип кеткен. Убагында дал ошол жети алп өндүрүштүк революцияга өзөк болгон, эки согуштан аман чыгарган, азыркы дүйнөлүк жыргалчылыкка негиз салган отунду алгачкылардан болуп жапырт жамандоону баштаган. Ошол тушта экинчи ролдогу мунайды энергетиканын негиздерин өзгөртүүгө, ыкчам өрүш алган цивилизациянын бардык керектөөлөрүн канааттандырууга кудуреттүү жаңы энергетикалык машаяк дегендей эле жарыялашкан. Тымызын көз боёмочулуктардын натыйжасында белдүү көмүр компаниялары рынокто үстөмдүк кылуудан четтеген.

Кай бирлери күтүүсүз жерден өз активдерин мунайчыларга сатып, кийин банкрот болушкан. Айрым ишканалардын кожоюндары өз жанын кыюуга чейин барган. Ошентип, 1980-жылдары мунай дүйнөлүк экономиканын жаңы күрөө тамырына айланган.

"Жол бербешибиз керек": Батыш Россия менен Кытайды алдамак болдубу?
Эгер артка азыраак гана кылчайсак, мунай менен газды гана керектөөгө умтулган дүйнө кайра калыптандыруучу табигый байлыктардын келиши менен кымындай эле климаттык катаалдыкта "калчылдай" баштаганын көрөбүз. Бир катар аймактарда, айталы АКШнын түштүгүндө быйыл кышта жана жайда жарык кезек-кезеги менен өчүп турду. Бул жыл жаңы тренддерди кубалагандардын баарына физиканын мыйзамдары кебелбес экенин, анан биздин ата-бабалар да кыраакы келишкенин эске салды.

Күн панелдери, шамалдан кубат алчу жабдыктар иштеп жатат, бирок бул үчүн аба шарттары ылайык келиши абзел. Мунай менен газ биржаларды улам дүрбөлөңгө түшүрөт, кымбат баалуу түтүктөрдү, сактоочу жайларды жана олчойгон химиялык комбинаттарды талап кылат. Ушундай кыйынчылыктардан баары кезектеги глобалдык көйгөйгө кептегенде көнгөн эле, штабелдерде жана шахта короолорундагы, айыл-кыштактардагы, электр станциялардагы жана болотту эритүүчү мештерде да бирдей күйгөн көмүрдү сахнага чыгара салышат. Адатта Россияны дүйнөлүк тренддерден адатта артта жүрөт деп жемелешет, бирок бул учурда кубанууга болот.

Экологдор жана альтернативдик энергетиканы жактоочулар жакында эле Кытай чет өлкөлөрдө жаңы көмүр электр станцияларын курууну каржылоосун бүтүрөт деп кудуңдап жүрүшкөнү маалым. Анткен менен Пекин өлкө ичинде көмүр казууну токтоткусу жок. Ал тургай кырк жаңы көмүр ЖЭБин куруу Кытайдын жакынкы беш жылдык пландарында бар. Эске салсак, Кытай жылына 4,98 миллиард тонна көмүр керектейт, ал эми профилдик объектилердин жалпы кубаттуулугу ойго да келгис көлөмдө, тагыраагы, 1 080 гигаватты түзөт. Элестүү салыштырсак, россиялык атомдук электр, гидроэлектр жана башка бардык станциялардын өндүрүшүн кошо алганда да көп. Көмүр казуу Кытай Эл Республикасында жай төмөндөп, Австралия менен алакасы тарыхый кырдаалда турат. Булар Россия үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Муну РФ бийлиги да түшүнүп турат. Туура бир ай мурун Улак жана Февральск калктуу конуштардын ортосундагы Байкал-Амур магистралынын машакаттуу чыгыш бутагынын ишин жөнгө салуу аракеттери башталган. Бул ишти аткарууга негизгилерден болуп Россиянын Коргоо министрлиги жана темир жол күчтөрү гана билек түрө киришкен.

Европа россиялык газдан баш тарта алабы? Сереп
Алгач 340 чакырымга созулган тилкени заманга бапташтырууну 2024-жылы бүтүрүү пландалган, бирок көп өтпөй Россиянын коргоо министринин орун басары генерал Дмитрий Булгаков армия андан бир жыл эрте бүтүрө аларын айткан.

3-сентябрда РФтеги Чыгыш экономикалык форумунда Владимир Путин Байкал-Амур магистралынын боюндагы калктуу конуштардын тизмеги түзүлгөнүн, алар кудум борбор калаадагыдай оңдолорун кеңири коомчулукка жар салды. Башкача айтканда, Россия чыгышка багыт алганын, дал Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн рынокторун тармакты өнүктүрүү программасынын алкагында Кузбасстан көмүр бара турган аянтчага айланарын ишенимдүү айтууга болот.

Европа да физика, экономика мыйзамдарын эстеп, өз өндүрүшүн тең салмактай алат. Айтмакчы, РФте Усть-Лугада көмүр терминалынын курулушу кызуу жүрүп, ал эми Кемерово калаасында шахтёрлор өндүрүштү кубануу менен жогорулатышат.

Мурдагы жүз жылдыктагыдай эле кайрадан сахнада жаңы энергетикалык революциянын кабары келбесе эле...