Дүйнөдөгү эң бай адамдын канча акчасы бар экени айтылды. Жаңыланган рейтинг

Масктын байлыгы биринчи ирет 200 миллиард доллардан ашып, буга чейин биринчи орунда турган Безосту артта калтырган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Forbes Real-Time порталына таянып жазды.

Масктын байлыгы биринчи ирет 200 миллиард доллардан ашып, буга чейин сап башында турган Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырган.

Билл Гейтс ажырашкандан кийин бай адамдардын тизмесинде ылдыйлап калды
Дүйшөмбүдөгү соода биржасынын жабылышы менен ишкердин активи 203,4 миллиард долларга бааланган. Анын байлыгы бир сутканын аралыгында эле 3,8 миллиардга көбөйгөн. Ошону менен катар Маск кирешеси 200 миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү үчүнчү адам аталып калды. Бул көрсөткүчкө биринчи болуп 2020-жылы августта Безос, анын артынан Louis Vuitton Moët Hennessy (LVMH) тобунун президенти Бернар Арно жеткен.

Безостун байлыгы бул ирет 197,7 миллиард долларга бааланып, рейтингдин экинчи орунун ээледи. Ал эми 175,7 миллиард доллар жыйнаган Арно үчүнчү орунду алды. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс төртүнчүгө (132 миллиард доллар), Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг (126,4 миллиард доллар) бешинчиге илинген.