Бегемоттор антилопаны крокодилдердин оозунан сууруп алган видео

Түштүк Африкадагы Крюгер паркында бегемоттор антилопаны крокодилдердин оозунан сууруп, ажалдан аман алып калышты.
Sputnik

Кишини кайдыгер калтырбаган кадрлар Facebook тармагындагы Latest Sightings — Kruger баракчасына жүктөлгөн.

Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео
Көлмөнүн жээгинен эки аллигатор антилопа суу ичкени келгенде кол салган. Алар жаныбарды өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон ылай сууга алып кирип кеткени менен антилопа моюн бербей каршылык көрсөтүп, суурулуп чыгып кетүүгө аракеттенген. Көлмөнүн ичинде бир нече метр аралыкта бегемоттордун үйүрү жүргөн. Өмүр үчүн күрөш уланып, алар гиппопотамдарга аралаша түшкөндө "куткарууга" киришкен. Акыры аллигаторлор олжосунан аргасыз баш тартып, ал эми ажалдан бошонгон антилопа аксаңдап, суудан чыгып кеткен.

Крюгер паркы Түштүк Африканын түндүк-чыгышынан орун алган. Ал аймакты 1,5 миң арстан, 12 миң пил, 2,5 миң буйвол, миңге жакын леопард жана беш миң керик байырлайт.