Толкунбек Абдыгулов парламентке келип кызматтан кеткен себебин айтты

Абдыгулов президенттин сунушун кабыл алганын, бирок кайсы кызматка барары азырынча белгисиз экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов башка кызматка кетип жатканына байланыштуу арыз жазганын билдирди.

Учурда парламентте анын отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда. Депутаттар Абдыгуловдун кызматтан алынышына негизсиз айыптоолор жана басым болду деп шектенип, өзүнүн пикирин угууну талап кылышты.

Натыйжада ал парламентке чакырылып, эл өкүлдөрүнө маалымат берди.

"Урматтуу президент тарабынан мага сунуш түштү. Ал менин тажрыйбамды жана билимимди өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн башка жакта колдонууну сунуштады. Ошондуктан мен Улуттук банктан кетүүгө арыз жаздым", — деди Абдыгулов.

Бирок ал кайсы кызматка барары азырынча белгисиз экенин айтты.