Ошто апасы менен сууга аккан кыздар. 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды

Кыздар апасы ажатканага киргенде каналга түшүп кеткен. Аларды куткарам деп апасы кошо сууга агып, улуу кызы менен келинди жергиликтүү тургундар аман алып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда сууга аккан 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 26-сентябрда 24 жаштагы келин эки кызы менен сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар келинди жана анын үч жаштагы кызын аман алып калганга жетишип, кичинекей бөбөк табылбай жаткан. Аны издөө үчүн Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы каналдагы суу токтотулуп, куткаруучу, жергиликтүү тургундар ишке тартылган.

"Бүгүн, 28-сентябрь күнү, бөбөктү издөө иштери уланып, ага ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Натыйжада саат 10:50дө куткаруучулар 1,5 чакырым жерге агып кеткен кыздын сөөгүн табышкан", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери сөөктү туугандарына өткөрүп бергени кошумчаланды.