Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин жанындагы өрт кантип өчүрүлдү. 11 сүрөт

Sputnik

Имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. От саат 13:03тө тутанган. Жерине төрт өрт өчүрүү тобу тартылган. Маалыматка ылайык, өрт чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү бар.

Өрт чектөөгө алынган, жабыр тарткандар болгон жок. ӨКМ кампа кимге таандык экени такталып жатканын билдирди.

 

1 / 11
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн
2 / 11
ӨКМ билдиргендей, имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашкан
3 / 11
Жалын саат 13:03тө тутанган
4 / 11
Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды
5 / 11
Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон
6 / 11
Кампадагы өрт чектөөгө алынган
7 / 11
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
8 / 11
Кампа кимге таандык экени такталууда
9 / 11
Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү
10 / 11
ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда
11 / 11
ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда