Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту

Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik.Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин белгилеп, аткарган иши үчүн ыраазычылыгын айткан.

Шыкмаматов бул кызматка быйылкы жылдын февраль айында дайындалган.