Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбоорду ЖКга кайтарды

Мыйзам долбоору экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген. Бизнес коомчулугу документ эч кандай коомдук талкуусуз эле кабыл алынып жатканына нааразычылык билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимдин кабыл алынышына эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.

Экономикага чукул кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын айтымында, бул сунуш пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринен улам берилген. Министр өзгөчө кырдаал режими министрлер кабинетине салык ставкаларын жана салыктык администрациялоону өзгөртүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда бюджетти парламенттин уруксатысыз бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүргөн. Каникулга кетер алдында депутаттар долбоорду үч окууда жактырган.

Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Ишкерлер мыйзам долбоорунун демилгечилери бизнес коомчулугунун макулдугусуз эле президентке кол койдурууга аракет кылып жатканын белгилешти. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эгер экономикага чукул кырдаал киргизилсе, мамлекеттик органдар бизнес объектилерин жабууга, ошондой эле бир миллион сом айып салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бизнес коомчулугу президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат.