Кой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылды

Процесске кээ бир жактоочулар келбей калган. Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар №47 түзөтүү колониясында кармалып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 29-сентябрь саат 14:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

Мындай чечим сот отурумуна кээ бир жактоочулардын келбей калганына байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, процесске мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген. Көп убакыттан бери мурдагы президент ден соолугуна байланыштуу сотко катыша элек болчу.

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу
2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын тергөө абагында жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.