БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.
Биринчи май району:
- №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;
Ленин району:
- №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;
Свердлов району:
- №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.
Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.
"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.