Кара-Кулжага жаңы аким дайындалды

Чүй облусунун Сокулук районунан ротацияланып келген Аманкан Кенжебаев Кара-Кулжаны төрт ай башкарды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин аталган районду Аманкан Кенжебаев башкарып келген. Май айында президент акимдерди ротация кылган учурда ал Сокулук районунун акими кызматынан бошотулуп, Кара-Кулжа райондук администрациясынын башчысы болгон.