Быйылкы мода: этникалык мотив, алтын түс. Италиядагы мода жумалыгынан ирмемдер

Sputnik

Пандемия бул тармакка да өзүнүн таасирин тийгизип, кээ бир күндөрдө мода жумалыгы онлайн өттү. Шоу бүгүнкүгө чейин уланат.

Жер чийген көйнөк, түркүн жоолук... Мусулман аялдарга мода көргөзмөсүнөн сүрөттөр
Мода майрамын Fendi мода үйү ачып, маанай көтөргөн жазгы-жайкы коллекцияларын тартуулады.

Бул сапар подиумга ырчы Дуа Липа чыгып, тушоосун кести. Себеби ал аталган мода үйүнүн күзгү-кышкы компанияларынын жүзү болгон эле. Андан сырткары, подиумдун көркүн Ирина Шейк, Наоми Кэмпбелл, Жиджи Хадид, Эмили Ратаковски, Мадоннанын кызы Лурдес Леон, Имаан Хаммам жана башка белгилүү моделдер ачты.

Миландагы Мода жумалыгы кандай өтүп жаткандыгын Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

 

1 / 12
Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
2 / 12
Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
3 / 12
Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
4 / 12
Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
5 / 12
Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
6 / 12
Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
7 / 12
Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... "Мини" шуба.
8 / 12
Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
9 / 12
Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
10 / 12
Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
11 / 12
Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
12 / 12
Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген