Инвестициялар министри Шыкмаматов иштен кетүү ниетин билдирди. Себеби

Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетүү үчүн арыз жазуу ниетин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Инвестициялар министри Шыкмаматов иштен кетүү ниетин билдирди. Себеби

Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган.

"Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин айтып, аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчынын жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.