Өлкөдөгү эстелик жана тарыхый объектилерге QR-код койгон долбоор ачылат

Долбоордун максаты — алдыңкы технологиялар аркылуу маданий мурастар туурасында көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте тарыхый эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR-коддордун салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул туурасында "Эсте" коомдук фондунан билдиришти.

Аталган саамалык "Эсте.кж" долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылган. Башкы максаты — бүткүл дүйнөгө жана жарандарга алдыңкы технологиялар аркылуу Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

"Este.kg эстеликтер, кайталангыс архитектуралык курулуштар жана социалдык маанилүү объектилер жөнүндө керектүү маалыматты тез жана оңой табууга жардам берет. Телефонуңузду объектиде жайгашкан QR-кодуна жакындатып сканерлесеңиз жетиштүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара 28-сентябрда саат 10:00дө Киев көчөсүндө жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында болот. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, "Эсте" коомдук фондунун президенти Айбек Кыштобаев жана коомдук ишмер Элдар Айтматовдун катышуусу күтүлүүдө.