Оштун мэри China Road менен жол куруу боюнча меморандумга кол койду

Компаниянын өкүлдөрү Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы China Road компаниясы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган муниципалитет кабарлады.

Оштун мэри China Road менен жол куруу боюнча меморандумга кол койду

Бүгүн, 27-сентябрда, кытайлык корпорациянын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алган.

Жолугушуунун алкагында калаа мэри Алмаз Мамбетов жана компания өкүлү Хоу Хусян жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Андан соң компаниянын өкүлдөрү Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишкен.