Бишкекте таңга маал кафе өрттөндү. Видео

Билдирүүгө караганда, өрттү өчүрүүгө алгач саат 04:44тө үч бөлүм тартылган. Андан соң 05:18де бир суу ташуучу унаа жиберилген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте Койбагаров көчөсүндө жайгашкан "Айва" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, өрттү өчүрүүгө алгач саат 04:44тө үч бөлүм тартылган. Андан соң 05:18де бир суу ташуучу унаа жиберилген.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону 6:04тө чектөөгө алды. Азырынча өрттүн себеби жана канча аянт күйгөндүгү тууралуу маалымат бериле элек.