Шамал Бишкектин чаңын асманга сапырды. Сүрөт

ӨКМ борбор калаада эртең менен жана түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жете турган шамал болорун эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте бүгүн катуу шамал болуп, кум менен чаң асманга сапырылды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү боз ала болгон калааны камерага тартып алган. Кадрдан абага чаң көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

Буга чейин ӨКМдин маалымат кызматы бүгүн эртең менен жана түштөн кийин Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун эскерткен. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери белгиленген. Ведомство калаа тургундарын жолдо жүрүүдө сак болууга чакырды.